Кечээ, 3-май күнү Сочиде Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган жолугушту. Анда эки өлкөнүн башчылары Сирияда тынчтыкка жетишүүнүн жолдорун талкуулашты. Эки лидер тең ок атууну токтотууга жана дипломатиялык аракеттер менен жаңжалды жөнгө салууга умтула тургандыктарын билдиришти.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода мамилелерин жөнгө салуу тууралуу дагы сөз болду. Түркия Орусияны айыл чарба азыктарына киргизилген чектөөлөрдү жоюуга чакырды. Бирок Путин "объективдүү себептерге" байланыштуу айрым чектөөлөр калтырыла турганын айтты.
Сүйлөшүүлөрдөн кийин Путин чектөөлөр биротоло калбай турганын айтса, Эрдоган алар тезирээк алынат деген үмүтүн билдирди.