Өзгөндөгү көчкү: Облус башчы менен акимди иштен алуу сунушталууда

Парламентте 4-майда Өзгөндүн Аюу айылындагы көчкү боюнча өкмөт маалымат берүүдө.

Депутаттар кырсыктын алдын албады деп Ош облусунун башчысы менен Өзгөн районунун акимин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилерин иштен алууну талап кылып жатышат. "Жергиликтүү бийлик башчыларында чоӊдорду тосуп алып, кайра узатуудан башка иши жок. Эмне үчүн кырсыктын алдын алышпайт? Бул окуядан кийин облус башчысы менен район акиминин кызматта турушуна моралдык укугу жок", - дешти депутаттар.

Вице-премьер Жеӊиш Разаковдун билдиришинче, 10 күндүн ичинде жергиликтүү чиновниктердин жоопкерчилиги каралат. Бүгүнкү күндө Ош облусунун башчысы Таалай Сарыбашев, Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев.

Эскерте кетсек, апрель айынын аягында Өзгөндүн Аюу айылында жер көчкү жүрүп, 24 адамды басып калган. Алардын айрымдарынын жансыз денелери табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан