Бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн Өзгөндөгү кырсык тууралуу маалыматын угууда. Анда "Бир Бол" фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков: "Өзгөндөгү жер көчкү боюнча депутаттардын суроолоруна өкмөт дежур сөздөрү менен жооп берип жатат", - деп билдирди.
Ал өкмөт адамдардын өмүрүн сактай албай жатканын айтты. "Өкмөттүн көчпөй койду, барбай койду деген сөздөрүн эле угуп жатабыз. Анда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Сейсмология институтунун, мониторинг кызматынын эмне кереги бар? Мамлекет болгондон кийин күч болуш керек. Айылдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, видеороликтерди көрсөтүү зарыл болчу. Жашоочуларга "сизге өмүр керекпи же өлүм керекпи" деп айтуу зарыл. Бүгүн өкмөттү парламентке чакырганыбыздын себеби окуя кайталанбасын деп жатабыз. Ссуддалар берилди деп айтып жатасыңар, аны жеп-ичип койду да. Биринчи элди көчүрүү үчүн жерди такташ керек эле. Анан ошондо эл көчөт да", - деди депутат.