Жыргалбек Турускулов, депутат: "Чиновниктер элден креслону жогору коюп жатышат"

"Чиновниктер элди эмес, креслону биринчи орунга коюп жатат", - деп билдирди 4-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жыргалбек Турускулов.

"Ар бир адамдын өмүрү жогору экенин ар бир аткаминер сезе билсек. Аткаминерлер азыр креслосун биринчи орунга коюп жатат. Чоң трагедияга кабылдык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү алдын ала эскертүү берилгенин айтып жатат. Бирок жергиликтүү бийлик иштеген жок. Премьер-министр бул боюнча сөзсүз түрдө өзүнүн баасын бериши керек", - деди депутат.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, 24 адамды басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан