Алмазбек Атамбаевге өлкөдөгү коопсуздукту бекемдөө чаралары тууралуу маалымат берилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-майда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Мамлекет башчысына улуттук коопсуздуктун абалы жана коопсуздукту андан ары бекемдөө чаралары тууралуу маалымат берилди. Темир Жумакадыров президентке коррупциянын алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана укук коргоо органдардагы реформалар боюнча айтып берди.

Алмазбек Атамбаев ички иштер органдарынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу сыяктуу стратегиялык маселелер менен катар жол коопсуздугун сактоо, жол кырсыктарынын санын кыскартуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуунун зарылдыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан