Microsoft компаниясынын директору Сатья Наделла учурда корпорациянын адистери жаңыртылган Surface Phone смартфонунун үстүндө иштеп жатышканын айтты. Анын билдиргени боюнча, бул девайс колдонуучуларга ушул жылы сунушталат.
Буга чейинки сөздөргө ылайык, Surface Phone эндүү OLED-дисплейге, цифралык клавиатурага, 8 гигабайттык оперативдүү эс-тутумга жана кошумча 256 гигабайт эс-тутумга ээ болот.
Бул инновациялык түзмөккө ээ болгондор смартфондо компьютердик программаларды жана оюндарды ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.