Атамбаев менен Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкөнүн кызматташуусундагы актуалдуу маселени талкуулашты

Бүгүн, 5-майда президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттер эки өлкөнүн кызматташуусундагы актуалдуу маселени талкуулашты. Ошондой эле кийинки байланышты өнүктүрүү жөнүндө сөз кылышты.

Эске салсак, акыркы жолу 25-апрелде мамлекет башчылары телефон аркылуу Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын перспективдүү маселелерин талкуулашкан. Мындан тышкары президенттер эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн жана Евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын алкагында иштешүүнүн эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamchatka
2017-05-06 14:18:02
Телефондо эле суйлошушот же бир козго коруно турган иши жок эмне талкуулап жатышат билбейсин!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан