Бүгүн, 6-майда Ысык-Көлдө туристтик сезондун расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.
Туристтик сезондун ачылышы 6-7-майда Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо өтөт. Анда "ITF-Ысык-Көл" жарманкеси орун алат. Жарманкеге туристтик компаниялар, эс алуучу жайлар катышып, өзүлөрү тууралуу маалымат беришет.
Ошондой эле ачылуу аземинде жергиликтүү таланттар өзүлөрүнүн өнөрлөрүн тартуулашмакчы.
Туристтик сезон былтыр 7-майда ачылып, "Салам, Ысык-Көл-2016!" фестивалы менен коштолгон.