Иосиф Сталин 1941-жылы 6-майда Советтер Союзунун Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. Ошол мезгилде Европада согуш жүрүп жаткан. Сталин бийликти толугу менен көзөмөлдөө үчүн ал элдик комиссарлар кеңешине төрагалыкка келген. 1937-1938-жылдары саясий ишмерлер репрессияланып, Сталин Улуу Ата Мекендик согуш башталганга чейин өзүн жалгыз диктатор катары көрсөткөн. Төрага болуп шайлангандан кийин жаш тарапташтарын ишке киргизип башкаруунун бүт колго алган. Анын кол алдында иштегендер 1937-жылдан баштап согуш бүткөнгө чейин Сталиндин сөзү менен болуп, өз алдынча эч нерсе кылышкан эмес. Сталин өзү 1937-1945-жылдары Москвадан башка жакка барган эмес. Ага чейин он жарым жыл бул кызматты аркалаган Вячеслав Молотов тышкы иштер наркомдук кызматын сактап, аны менен бирге Элдик комиссарлар кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары кызматына дайындалган.
6-майга карата жылнаама.