Өкмөт: "Боинг кырсыгынан каза болгондордун туугандарынын өтүнүчү менен жардам катары берилген акча каражатынын суммасы айтылбайт"

Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача Су) айылындагы Боинг кырсыгынан каза болгондордун туугандарына, жабыркагандарга жана жергиликтүү тургундарына акчалай каражатты бөлүштүрүү боюнча өкмөт түшүндүрмө берди. Анда жабыркагандардын жеке өтүнүчү менен алардын коопсуздугун эске алуу максатында акчалай жардам алгандардын аты-жөнүнүн тизмеси жана акча каражатынын суммасы көрсөтүлбөй турганы айтылат. Бул тууралуу 6-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жабыркагандар аларды тоноо окуялары катталышы мүмкүн деп чочулашууда.

"Өкмөттүк комиссия тарабынан тиешелүү органдарга жабыркагандардын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасы берилди. Аны менен бирге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каза болгондордун туугандарына жана жабыркагандарга турак жай алуу үчүн берилген акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну сунуштайт. Азыркы кезде 7 жаран турак жай сатып алды. Учурда Өкмөттүк комиссия Түркия тарап менен каза болгондордун жакындарын жана жабыркагандарды колдоо иретинде төлөнүүчү компенсация боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өкмөттүк комиссия өлкө коомчулугуна толук маалымат берет", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин учак кырсыгы болгон айылдын тургундарына бир жолку материалдык жана моралдык колдоо түрүндө 5 миллион сом бөлүнгөнү айтылган. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча бир үйдө жашаган бир нече үй-бүлөлөр (туугандар) ар бирине өз өзүнчө компенсация берүүнү талап кылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
bond02
2017-05-07 13:58:17
Ачык айтса билинип калат да, окмот элдин колун эле карап калган го менимче.
+7
bakulya2015
2017-05-07 14:02:08
Эгер окмот эмес. Карапайым эл бир тыйын нары бери кылсак камайт эле. Аябай жиним келип жатат. Ушул окмотту жараткан Аллах озуно камасын акмактар. Шайлоого акча алып жатышатда кийин таркататда канкорлор.
+7
zamir_88
2017-05-07 14:11:38
Ошондо чогулган акча түгөндүбү а?Былжыраган өкмөттү таркатып эле салыш керек болду.
+7
asan08
2017-05-07 14:25:00
Ким тономок эле!!! Озубуз аз-аздан чонтогубуз го салдык деп эле айткыла да
+6
Salman.eldar
2017-05-07 14:26:33
Бул акчаны эл тыйындап чогултан болчуго! мындай акчаны жеп жатып, тамагына тыгылып калбасын бала чакасы мн! Окмот элдин акчасы болгондон кийин, список кылып бериш кеоек эле, аты жонун жашырып болсо да. Акчаны алган эл да, бир ыразычылын билдиршен жокко, элге рахмат деп...
+3
Salman.eldar
2017-05-07 14:28:59
100мил онор акчабы?
+3
Bek94
2017-05-07 14:30:56
Элдин акчасына зар болуп калдыңарбы уят уят.
+5
madina.87
2017-05-07 15:47:03
Элге банктан эсеп ачып анан котордук дебединер беле!?
Банкта турса ал акчаны ким тонойт?
Садиктеги жаш баланы алдагандай алдайсынар кок мээлер!!!
7-жыл мурда миллион сомдон берген акчанарды тизмеси менен коркпой уркпой эле жарыя кылбадынар беле?!
7-апрелде силерге креслону алып берем деп бейкуноо кеткен жарандарга....
+9
azamat1978
2017-05-07 16:42:23
Ушунча жаман соз уксада окумоттөгу иштегендер уйалбайт аллахтан коркула кайтар дуйнө одуйнодө жооп бересинер.
+2
Munarbek1988
2017-05-07 17:23:48
Элге отчёт бербесе эл шайлаган 120 окул бар ошолорго анонимдуу деп депутаттарга отчет берсин кийин депутаттар ал маселени карашсын олтуруп алып ушакташпай именно мен де акча каражатын кошком жабырлануучуларга. Кимден канча акча чогулганын тизмесин жарыяласын. Биз коомчулук ошону талап кылабыз
+1
Munarbek1988
2017-05-07 17:25:44
100 млн сомго 2 коп кабаттуу уй тургузуп бардык дача суулуктарды киргизип койсо ошондо акыйкат болот
+5
ayjan_90
2017-05-07 21:51:03
Жеп ичип бутуштуда эми элди алдашып жатышат ар кайсыны бир айтып бул миллиондор элдин акчасы элге отчёт бергиле
+1
Antoshka2016
2017-05-07 22:20:12
Ырас кыласынар айтпай.Азыр озундон башкага ишенбей турган заман болуп калбадыбы?Деги силер уйлуу болуп калсанар ошол бизге жетишкендик.Откондун оордун эч нерсе толтура албайт го бирок..
-2
Almaz_kg
2017-05-07 23:41:55
Супер.кг силер өзүнөр жабыркагандар менен сүйлөшүп кимге канча акча тийгенин териштирип жазып чыккылачы. алар макул эле болушат дейм.
+3
admin_portal
2017-05-08 09:59:11
Almaz_kg, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
futboler
2017-05-08 16:41:22
Бул окмоттун эле шылтоосу болсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан