Бүгүн Францияда президенттик шайлоо өтөт

Бүгүн, 7-майда Францияда өлкө президентин шайлоонун экинчи туру өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Президенттикке "Улуттук фронт" партиясынан Марин Ле Пен жана "Алга!" кыймылынын лидери Эмманюэль Макрон ат салышууда. Француз басылмаларынын билдиришинче, биринчи жолу президенттик шайлоонун экинчи айлампасына өлкөдөгү ири партиялардын талапкерлери өтө алышкан жок.

Франциядагы сурамжылоонун акыркы жыйынтыктары боюнча Макрон добуштардын 60 пайызын, Ле Пен 40 пайызын алат. Жума күнү президенттикке талапкерлердин үгүт иштери токтотулган. Францияда жалпы 45,6 миллион шайлоочулар бар. Чет өлкөдө жашаган 1,3 миллион жаран дагы добуш бере алышат. Франциянын президенти 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан