ЖЫЛНААМА, 7-МАЙ: Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Мелис Асылбашевдин көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак

Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, хореограф, балетмейстер Мелис Асылбашевдин көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. Ал 1947-жылдын 7-майында Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

1967-жылы Ленинград академиялык хореографиялык окуу жайын аяктап, 1972-жылдан тартып балетмейстердик ишмердүүлүктү аркалай баштаган. Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында Бизе-Щедриндин "Кармен-сюита", П.Чайковскийдин "Лебединое озеро", "Белый пароход" жана башка балет-спектаклдерин ийгиликтүү койгон. 1982-жылдан тартып "Ак марал" улуттук бий ансамблинин башкы балетмейстери жана көркөм жетекчиси болуп иштеп келген. 2014-жылы 16-августта 67 жаш курагында каза болгон.

7-майга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан