ЖЫЛНААМА, 7-МАЙ: 1971-жылы манасчы Саякбай Каралаев 75 жаш курагында каза болгон

Белгилүү манасчы Саякбай Каралаев 1971-жылы 7-майда каза болгон. Ал 75 жашта эле. Саякбай Каралаев 1894-жылы Тоң районундагы Ак-Өлөң айылында туулган. 1922-1931-жылдары Көл өрөөнүндөгү Ырдык жана Маман айылдык советтерин башкарган. 1935-1954-жылдары Бишкекте филармонияда артист болуп иштеген.

Кичинесинен ырга, жомокко шыктуу болуп, 1918-жылдан тарта "Манас" айта баштаган. Айтуу ыкмаларын Чоюке, Акылбек өңдүү чоң манасчылардан үйрөнүп, 1925-жылдан баштап аны толук айткан. Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" үчилтиги 500500дөн ашык ыр саптарынан турат. Ал ошондой эле "Төштүк" жана башка кенже эпосторду да айткан. Өзүнүн "Бүркүттүн жомогу", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Томор мерген", "Карамолдо" аттуу жана башка чыгармалары жарык көргөн.

Саякбай Каралаев үч Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери, медалдар менен сыйланган.

7-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2017-05-07 21:41:43
Манас китебин окуп чыгыш керек эле кайрадан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан