Бүгүн, 8-майда бүткүл дүйнөлүк Кызыл Жарым Ай жана Кызыл Крест күнү белгиленүүдө. Бул күн 1828-жылы туулган швейцариялык гуманист Анри Дюнандын урматына коюлган.
Анри Дюнан согушта жаракат алгандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп, айланасына бир канча ыктыярдуу адамдар тобун топтой алган. 1863-жылы анын чакырыгы боюнча конференция уюштурулуп, ал жыйында Кызыл Крест уюму уюшулган. Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай уюмдары Советтер Союзунда 1925-жылы негизделип, анын ишмердиги Кыргыз аймагына да тараган. Эгемен Кыргызда азыр аталган уюмдар кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашырып, миңдеген адамдар алардын кайрымдуулугуна иш жүзүндө күбө болуп келишет.
8-майдын жылнаамасы.