ЖЫЛНААМА, 8-МАЙ: Эки жыл мурун ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчылары Кыргыз Республикасын альянска кошуу тууралуу документке кол коюшкан

2015-жылы 8-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн башчылары Кыргыз Республикасынын аталган бирикмеге кошулушу тууралуу документке кол коюшкан.

Ага чейин Кыргыз мамлекети ЕАЭБге кирүүдө эки позиция боюнча бир чечимге келе албай жаткан. Бири Кытай менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы соода жеӊилдиктерине тиешелүү болсо, экинчиси ветеринардык текшерүү системине аудит иштерин өткөрүү боюнча болчу. Кыргыз-Кытай ортосундагы гранттык жана насыялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн алынып келинүүчү товарларды ташуу боюнча маселе кыргыз өкмөтүнүн пайдасына чечилген. Тагыраагы, Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө коммерциялык ишмердүүлүк үчүн эмес, инфраструктуралык жана социалдык объекттерди курууга товар алып келүүдө жеӊилдиктер каралган.

8-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан