Ошто элдин биримдигин чыңдоо максатында элечек кийген энелер иш-чара өткөрүшөт
Ош шаарында "Ыйман, адеп жана маданият жылына" карата "Эне - адеп, ыймандын символу" аталышындагы иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына салтанаттын уюштуруучусу Элнура Кулуева билдирди.
"Иш-чара14-майда Энелер күнүнө карата мекендештердин улуттук аң-сезимин, жарандык мекенчилдигин өстүрүү, элдин биримдигин бекемдөөгө, тарыхый жана маданий мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү максатында өткөрүлүүдө. Мындан сырткары Кыргыз өлкөсү тынчтык чөлкөмү, энелер тынчтык жарчысы, энелер тилеги деген идеяны коомчулукка алып чыгып, 2000 эне элечек кийип, тынчтыктын символу болгон ак көгүчкөн менен Сулайман тоонун бооруна чогулушат", - деп билдирди Кулуева.
Бул күнү сахналык көрүнүштөр, ыр-бий, каада-салт жана калктын маданий мурастарын даңазалаган көрүнүштөр орун алмакчы.
Айта кетсек, Энелер күнү президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдагы жарлыгы менен май айынын ар үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.