2017-жылга карата Кыргыз жеринде 36 авиакаттам иштеп жатат: 32 эл аралык жана 4 ички каттам. Транспорт жана жол министрлигинин билдиришинче, бул линияларда аптасына 230 учуп-конуу жасалат. Эл аралык каттам 175, өлкө ичиндеги авиакаттам 55. Эл аралык каттамдардын 72син Кыргыз авиакомпаниялары ишке ашырса, 103үн чет элдик компаниялар аткарат.
Оперативдүү маалыматтарга ылайык, 2017-жылдын январь-март айларында Кыргыз авиакомпаниялары тарабынан 267 139 жүргүнчү тейленген. Эл аралык каттамдар боюнча 122 752 жүргүнчү, ички каттамдар боюнча 144 387 жүргүнчү тейленгени айтылды. 2016-жылдын алгачкы 3 айына салыштырмалуу 2017-жылдын 1-кварталында эл аралык каттамдар боюнча жүргүнчү ташуу 15,8 пайызга, ички каттамдар боюнча жүргүнчү ташуу 39,2 пайызга өскөн.
Чет элдик авиакомпаниялар тарабынан эл аралык каттамда 2017-жылдын январь-мартында 331 204 жүргүнчү тейленсе, өлкөдө иш жүргүзгөн бардык авиакомпаниялар тарабынан 598 343 жүргүнчү тейленген. "2017-жылдын 9-январындагы Транспорт жана жол министрлигинин буйругу менен Кыргыз авиакомпанияларын Евросоюздун "кара тизмесинен" чыгаруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди. Бул багытта тийиштүү иштер жасалып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын бардык авиакомпаниялары көп жылдан бери Евросоюздун "кара тизмесинде".