Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоого карата саясий партияларга кайрылуу жасады. Кайрылууда партияларды мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзбөө чакырыгы айтылат.
Бир катар саясий партиялар президенттик шайлоого талапкер чыгарганын айтып ММКларга билдирүү жасаганын, айрымдары талапкер жөнүндө маалымат таратып баштаганын, талапкерлер өздөрү интернет басылмаларына байма-бай интервью берип жатканын белгилеген БШК, бул мөөнөтүнөн мурда башталган үгүттүн белгиси деп саналарын маалымдайт. Партиянын атын, желегин, эмблемасын, ураанын жана башкаларын колдонуп шайлоочуларга маалымат берүүгө жол берилбеши керектигин эскертти.
"Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышууну көздөгөн бардык партияларга жана жарандарга кайрылып, үгүттүн белгиси бар билдирүүлөрдү мөөнөтүнөн мурда таратпоого чакырат", - деп билдирди БШК.