"Чаткалда майда жер көчкүлөрдүн айынан унаа жолдор бузулууда", - деп билдирди окурман SUPER.KG порталына.
"Чаткал районунун Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда майда жер көчкүлөрдүн айынан жол ичкерип көчүп жатат жана тоолордо ар кандай майда жаракалар пайда болгон. Жолдор бузулуп, машиналар зорго өтүп жатышат. Мамлекет ушул нерселерге көӊүл бөлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тийиштүү чараларды көрүп, канчалык коркунучта экенин текшерсе. Кичинекей дегени менен Ала-Бука-Чаткал жолун байланыштырган жалгыз ушул жол.
Фирмалардын баары Чаткалда, алардын дагы оор чоӊ КамАЗдары ушул жол менен өтүп, кайсы бир деӊгээлде таасирин тийгизип жатат. ӨКМ алдын ала текшерип, кооптуу же коопсуз экенин аныктап берсин. Жолдор, тоолордун, дарыялардын абалы начар, коркунуч жаратып жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.