Бүгүн, 10-майда парламентте “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Экмат Байпакбаев зергерлерди колдоп, алтын менен камсыз кылууну сунуштады. “Өлкөдө өндүрүлгөн алтындардын көпчүлүк бөлүгү башка жакка ташылып, сатылып жатат. Эмнеге ата мекендик зергерлерди өнүктүрбөйбүз?” - деди депутат.
Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов зергерлер алтынды чет жактан алып келишип өздөрүнүн иштерин жүргүзүп жатышканын, бул боюнча ага зергерлер кайрылышканын билдирди. Депутат бул тармак өнүксө мамлекетке пайда түшөрүн белгиледи. "Бюджетке салыктан каражат түшөт жана жумуш орундары түзүлөт. Ушул маселени карап чечүү керек", - дейт Жамалдинов.