Парламентте Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлү шайланды

Бүгүн, 10-майда "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештин парламенттик оппозициясынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлү болуп шайланды.

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин курамындагы өкүлүнө Руслан Казакбаевдин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Наталья Никитенконун, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Мирлан Бакировдун талапкерлиги көрсөтүлүп, электрондук жашыруун шайланды.

Бакировго "макул" 44, "каршы" 64, Казакбаевге "макул" 84, "каршы" 24, Никитенкого "макул" 52, "каршы" 58 добуш берилип, экинчи тур өтмөй болду. Анда Казакбаевге "макул" 88, "каршы" 20, Никитенкого "макул" 50 "каршы" 61 депутат добуш берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан