Парламентте Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Бүгүн, 10-майда парламентте Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.

Мыйзам долбоордо Баткен облусундагы Максат, Жезкен, Жалал-Абад облусундагы Коткор, Ош облусундагы Ак-Өргө, Улуу-Тоо сындуу конуштар кирет. Андан сырткары Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы Жезкен конуштарынын тургундары да жыйын өткөрүп, аларга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алышканы белгилүү болду. Эгер аталган беш калктуу конушка айыл макамы берилсе, айыл башчылары дайындалып, бир катар жергиликтүү маанидеги социалдык-экономикалык маселелердин чечилишине өбөлгө түзүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин маалыматына караганда, азыркы учурда иш жүзүндө бар, бирок расмий түрдө айыл болуп эсептелбеген калктуу конуштардын саны жүз элүүдөн ашат. Бул калктуу конуштарда жашаган жарандардын көптөгөн көйгөйлөрүн чечүү үчүн аларга мыйзамдын негизинде айыл макамын берүү зарыл экени айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан