Президент Алмазбек Атамбаев 10-майда Эммануэл Макронду Франциянын президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Атамбаев Кыргыз мамлекети менен Франция достук мамилени жана эки өлкөнүн кызыкчылыктарына пайдалуу шартта өнөктөштүктү улантарына ишенерин билдирип, Макронго бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгилик каалады.
Алмазбек Атамбаев Түштүк Кореянын президенти болуп жаңы шайланган Мун Чжэ Инди да куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Эскерте кетсек, Франциянын жаңы президенти 7-майда, Түштүк Кореяныкы 9-майда шайланды.