Рыскелди Момбеков: “Бажы кызматынын жетекчилигинде транспортчу отурат, экономиканы тейлеген Панкратов физик”

“Бажы кызматынын жетекчилигинде транспортчу отурат, экономиканы тейлеген Панкратов физик”, - деп бүгүн, 12-майда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун мамлекеттик ишканаларга кесипкөй адистер келбей жатканын айткан. Момбеков кесипкөй адистерди алып келүүнү анда өкмөттөн баштоо керек экенин билдирип, өкмөттө өзүнүн кесиби менен иштебеген жетекчилерди мисал келтирди.

Ошол эле учурда депутат СССР убагында Чүй облусунун Токмок жана Кара-Балта шаарлары экономиканы көтөрүп келгенин белгиледи.

“Кара-Балта шаарында пивзаводу, спиртзаводу, килем комбинаты бар болчу. Токмоктогу эт комбинаты эмне болду? Фонддун саясатынан ушундай болду. Реформалоонун натыйжасы деп айтсак болот . Оптимизация деп жатасыңар, анын артында ликвидация, банкрот турат. Андан кийин менчиктештирүүгө өтөт. Мына, ишканалардын жетекчилигинде кесипкөй эмес адистер келип, натыйжа болбой жатканын айтып жатасыз. Анда кесипкөйлөрдү алып келүүнү өкмөттөн баштабайлыбы? “Улуттук холдинг” түзүү боюнча Жогорку Кеңешке чийки материал алып келип жатасыңар”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан