ЖЫЛНААМА, 13-МАЙ: Мындан 4 жыл мурун орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийге Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салуу сунушталган

Мындан 4 жыл мурун, 2013-жылы 13-майда орусиялык саясатчы Владимир Жириновскийге Кыргыз Республикасына кирүүгө тыюу салуу сунушталган. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова билдирген.
Себеби буга чейин Жириновский “Орусия Кыргыздын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыккан.
Ал эми 15-майда парламентте орусиялык саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновскийдин Кыргыз тууралуу жосунсуз билдирүүсү боюнча маселе каралып, ал нон-грат адам катары жарыяланып, Кыргызга кирүүгө тыюу салынган.
Кийинчерээк ал сөзүнө түшүндүрмө берген:
"Мен 3 гана сөз менен Кыргыздын туризмин башка бардык жарнама кылуучуларга караганда мыкты жарнамалап бердим. Ысык-Көлдү сатуу сунушумду экономикалык каатчылыктан чыгуу жолу катары эле айткам".
13-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан