Алмазбек Атамбаевдин Жеңиш күнүндө айткан сынына орус жазуучусу жооп берди

Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгын белгилөө аземинде президент Алмазбек Атамбаев орусиялык бир катар саясатчылардын кыргыздарга болгон мамилесин сынга алган эле. Мамлекет башчы өз сөзүндө Мамлекеттик Думанын депутаты Константин Затулиндин сөзүнөн сырткары орус жазуучусу Михаил Веллердин ММКлардын бирине берген маегинен мисал келтирген. Орусиялык басылма биринчи маек 11 жыл мурда болгонун эскертип, 12-майда жазуучуну кайрадан сөзгө тартты.

"Атамбаев айтып жаткан 2006-жылдагы маекти мен да, эл да унутуп калган болчу. Анда Кыргыздардын аты аталган эмес. Негизи эле эч качан Кыргыздар тууралуу эч нерсе айткан эмесмин", - деген жазуучу ошол мезгилде скинхеддердин жоругуна терс баа бергенин белгилейт.

"Азербайжан рыногундагы мафия жөнүндө айтканда Азербайжандын президенти эч нерсе деген эмес. Тажикстандагы баңгилик боюнча айтканымда, анын президенти да унчуккан эмес. Атамбаевдин ушинтип сүйлөшүнө Кыргызда эмне түрткү болду экен? Анын сүйлөй турган сөзүн жардамчылары жазып берери белгилүү, бирок президент аны өз атынан айтып жатат", - дейт Веллер.

Айта кетсек, президенттин сынына 10-майда Орусиянын мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулин дагы жооп берген. Ал "менин сөздөрүмдү ал өзү же анын кеңеш берүүчүлөрүбү, айтор, бурмалап салышты" , - деп Атамбаевди "Кыргыздын башкы этнографы" атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан