Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 14-майда Кытай Эл Республикасына иш сапарынын алкагында кытайлык жол жана көпүрө куруу мамлекеттик корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Лу Шан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда "Түндүк-Түштүк" альтернативдик жолун, Кытай-Кыргыз өлкөсү-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорлор, андан тышкары Бишкектеги унаа жолдорун жаңылоо маселелери талкууланды.
"Президент курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду", - деп айтылат маалыматта.