КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын ата мекендик ишкерлерди колдогон нормасы иштебей жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат билдиргендей, аталган мыйзамда Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарларды сатып алганда, сатып алуучу уюм сынактык табыштамаларды баалоодо сунушталган баага 20 пайызга чейин жеңилдиктерди бере алат деп жазылган.
“Бул норма толугу менен иштебей жатат. Эмне үчүн ата мекендик ишкерлерге колдоо көрсөтпөйбүз? Мыйзам эмнеге иштебей жатат? Мыйзамдын аткарылбашы боюнча жоопкерчиликке тартуу керек”, - деди ал.
Мындан тышкары Примов мамлекеттик сатып алууга канча каражат жумшала турганын сурады. Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов аталган максатка 43 миллиард сом акча жумшалып жатканын айтты.
Учурда комитетте “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып жатат.