Депутаттар Балыкчы-Корумду жолун курууну тездетүү керектигин айтышты

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов Балыкчы-Корумду жолунун курулушун каржылоону тездетүү керектигин айтты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал туристтик мезгил башталып калганын эске салып, жолдун курулушун каржылоо чараларын тездетип, туристтерге жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Балыкчы-Корумду автожолунун курулушуна бюджеттен дагы 790 миллион сом көлөмүндө каражат бөлүнө турганын каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев айтты.

Аталган комитеттин жыйынында 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат угулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан