Сапар Исаков: "Президенттик жарышка катышуу планым жок"

Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков быйыл күздө өтүүчү президенттик шайлоодо ат салышуу планы жок экенин билдирди. Бул тууралуу Исаков экс-президент Роза Отунбаеванын "Таза коом" долбооруна карата айткан сөзүнө комментарий берүүдө белгилеп өттү.

"Аталган долбоорду алдыдагы президенттик шайлоого, айрыкча мага байланыштырууну орунсуз деп эсептейм. Анткени менин президенттик кызматка ат салышуу планым жок", - дейт Исаков.

Эскерте кетсек, 12-майда Бишкекте "Таза шайлоо - туруктуулуктун жана тынч бийлик алмашуунун негизи" аталышында форум өткөн. Анда Роза Отунбаева: "Шайлоого 5 ай калганда талапкерлер чыга баштады, азырынча алардын программалары жарыялана элек. Талапкерлер белгилүү адамдар, буга чейин премьер-министр, депутат болуп иштегендер. Алар Кыргызды өнүктүрүп кетеби азырынча сюрприз. Өнүгүп жаткан өлкөлөргө ПРООН жардам берип келет. Алмазбек Атамбаев баш болуп өлкөнү 2040-жылга чейин өнүктүрүү "Таза коом" долбоору иштелип чыгууда. Буга эл аралык коомчулук колдоо көрсөтүп жатат. Бул жерде аталган долбоордун демөөрчүлөрү отурат. Долбоор шайлоо башталганга чейин элге көрсөтүлүп, кайсы бир талапкер үчүн үгүт иштериндеги курал болбошу керек", - деп билдирген эле.

Исаковдун жообу бир катар ММКларга жарыяланды.

Ал эми 19-майда КСДПнын курултайы өткөнү жатат. Анда президенттикке учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлөт деген маалымат тарады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан