ЖЫЛНААМА, 15-МАЙ: Эки жыл мурун экс-депутат Карганбек Самаков коррупция беренеси менен шектелип камакка алынган

Эки жыл мурун 15-майда экс-депутат Карганбек Самаков коррупция беренеси менен шектелип камакка алынган.

Кылмыш иши 14-майда козголуп, Самаков Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарындагы 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо кылмышына айыпталган. Бул жер тилкелерин сатуудан депутат 8 миллион доллар пайда көргөнү айтылган. Камалгандан аз өтпөй УКМКнын алдына депутаттын тарапташтары чогулушуп, колдоо көрсөтүү үчүн келишкенин билдиришкен. Эртеси Самаковдун тарапташтары Башкы прокуратуранын алдына чогулуп, митинг өткөрүшкөн.

17-май күнү Октябрь райондук соту Карганбек Самаковду 2 айга үй камагына чыгарган. Ага Бишкек шаарынын Октябрь районунан чыгууга, чоочун адамдар менен сүйлөшүүгө, почта, интернет жана телефон аркылуу байланышууга, митинг жана маалымат жыйындарын өткөрүүгө, жашаган жеринен саат 20:00дөн 08:00гө чейин чыгууга тыюу салынган. Бүгүнкү күндө соттук процесс уланууда.

15-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан