Депутат Мамлекеттик фонддун жерлеринин үлүшкө берилишине катуу нааразы

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Бакай-Ата районундагы жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы тууралуу” жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы каралды.

Жыйында жумушчу топтун жетекчиси, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев жана Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы Максат Жанчикулов менен Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаттары маалымат беришти.

Берилген маалыматтарга ылайык, аталган айылдарда Мамлекеттик фонддун жерлеринен үлүшкө берилип кеткен. Бул жерлерден жер тилкесин алгандардын арасында 1994-жылы үлүш алгандары да бар. Айыл өкмөттөрүндө тиешелүү жобого ылайык иш алып барылбай, одоно мыйзам бузууларга жол берилген.

Үлүшкө жер берүү 2007-жылы токтогондугун эске салган Бокоев: “Мындай көрүнүштөр - жер мыйзамдарын бузуунун жеткен чеги”, - деп айтты.

Талкууда комитет мүчөлөрү мындай жер мыйзамдарынын бузулушу башка облустарда, райондордо да болушу мүмкүндүгүн белгилешип, өлкө аймагы боюнча жер тилкелери кимге таандык экенин тактап, инвентаризация жүргүзүү зарыл деген пикирге келишти.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров мыйзам бузуулар орун алган көрүнүштөр боюнча Сузак районунан документ келгендигин айтып, жылына бир жолу текшерген прокуратура органдары айыл өкмөттөрүндөгү жогорудагыдай мыйзам бузууларды кантип өткөрүп жиберип жатканына таң калды. Бир катар депутаттар бул маселени Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгып, тиешелүү токтом кабыл алууну сунуш кылышты.

Жыйынтыгында комитеттин буга чейинки жер маселелери боюнча тапшырмаларынын аткарылышына эки жумадан соң кайра кайрылып, маалымат угуп, анын негизинде Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу боюнча чечим кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан