4 жыл мурун, 2013-жылы 15-майда Жогорку Кеңеште Эл аралык иштер боюнча парламенттик комитетинин сунушу боюнча орусиялык саясатчы, Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновскийдин Кыргыз өлкөсү тууралуу жосунсуз билдирүүсү боюнча маселе каралган. Жыйында Жириновскийдин орунсуз билдирүүсүнө карата тиешелүү чараларды көрүү менен, Мамлекеттик Думага кайрылуу жөнөтүү зарылдыгы баса белгиленген. Депутат Жылдыз Жолдошова Жириновскийди нон-грат (дипломатиялык маселелер боюнча кайсы бир өлкөгө кирүү укугунан ажыратылган адам) адам деп жарыялоону сунуш кылган. “Орусиянын Мамдумасына эч кандай доомат жок, доомат Кыргыз жергесин басмырлоого жол берген жеке Владимир Жириновскийге болуп жатат. Ал катардагы жөнөкөй жаран эмес, Мамдуманын депутаты, фракциянын лидери. Мындай шартта Жириновский Мамдуманын бийик трибунасынан ойго келгис сөздөрдү айтканга укугу жок”, - деген Жолдошова. Соңунда аталган сунуш боюнча бир катар депутаттардын пикирлери эске алынып, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынган.
Мунун себеби Жириновскийдин “Орусия Кыргыз Республикасынын карыздарын кечип жаткандыгы үчүн Ысык-Көлдү Орусияга берсин” деп чыкканы болгон.