ЖЫЛНААМА, 16-МАЙ: Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Элмира Жумалиева 55 жашка чыкты

V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Жумалиева 1962-жылы 16-майда Талас облусунун Талас шаарында туулган. Экономика илимдеринин доктору, профессор. Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти.

1984-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун Экономика факультетин “экономика жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Талас облусунун Талас районундагы Ленин колхозунда экономист болуп иштөө менен баштаган.
1987-жылдан тартып Фрунзе шаарындагы долбоорлоо-изилдөө кеңсесинде инженер-экономист, 1990-жылдан баштап “Азат” корпорациясынын пландоо-өндүрүш бөлүмүндө, СМУ-5те экономист болуп эмгектенип, 1992-2010-жылдары болсо К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ага окутуучу, илим башкармалыгынын начальниги, “Экономика жана ишкердик” кафедрасынын башчысы, факультеттин деканы болгон.
2010-жылы “Республика” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү болгон.
2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2016-жылдын январь айында Борбордук шайлоо комиссиясы "Элмира Жумалиева өз ыктыяры менен депутаттык мандатты тапшыруу жөнүндө арыз жазган" деп, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу тууралуу чечимин кабыл алган.
16-майдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан