Депутат Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча маселени кийинки жумада парламентте кароону сунуштады

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов Чоң-Алай районунда катталган жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча маселени кийинки жумада парламентте кароону сунуштады.

“Акыркы мезгилде мамлекетибизде тоолуу аймактарда табигый кырсыктар көп катталып жатат. Чоң-Алай районунда жер титирөө катталды. Ал эми Алай районунда жер көчкү коркунучу бар. Бир топ үйлөр көчүрүүгө муктаж болууда. Өкмөттүн иш-аракеттери жүрүп жатат. Депутаттар аталган маселени жеринен таанышканга барат. Келгенден кийин кийинки жумада Жогорку Кеңештин күн тартибине кандай жардам көрсөтүлөт, ким жоопкерчиликти алат деген көйгөйлөрдү талкуулап, токтом кабыл алуу керек”, - деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан