Бүгүн КСДП партиясынын саясий кеңеши жыйынга чогулат. Анда партиядан быйыл күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого талапкер тандалары күтүлүүдө.
КСДПдан ажолукка талапкер болушу мүмкүн делгендердин арасында Сапар Исаков, Сооронбай Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Абдил Сегизбаевдин ысымдары аталууда. КСДПнын эски активисттери президенттикке альтернативдүү талапкер катары Чүйдүн мурдагы губернатору Сагынбек Абдрахмановду алып чыгары маалым болду. SUPER.KG порталы "Сиз КСДПдан кимдин президенттикке талапкер болушун каалайсыз?" деген суроо менен сурамжылоо жүргүзүүдө.