Парламентте президенттик шайлоону 15-октябрга жылдырууга багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Бүгүн, 17-майда парламент “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Мыйзам долбоорунда президенттик шайлоонун мөөнөтүн 19-ноябрдан 15-октярга жылдыруу маселеси каралган. Ошондой эле президенттикке талапкердин күрөөсүн 100 миң сомдон 1 миллион сомго жогорулатуу, талапкер “Кыргызтест” аркылуу мамлекеттик тил боюнча тест тапшырат. Мындан тышкары парламентке өтүү босогосун 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүү маселеси жазылган.

Аталган мыйзам долбооруна 111 депутат “макул”, 5 эл өкүлү “каршы” добуш берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан