ЖЫЛНААМА, 17-МАЙ: 22 жыл мурун Жак Ширак Франциянын президенти болуп шайланган

Франциялык саясатчы Жак Ширак 1995-жылы 17-майда өлкө президенти болуп шайланган. Ал мамлекетти 2 ирет башкарган.

Жак Ширак 1932-жылы 29-ноябрда Парижде туулган. Жаш кезинде коммунисттик идеяларга кызыгып, француз коммунисттеринин “Юманите” гезитин таркаткан учуру да болгон. Кийин оңчул партиялардын тарабын туткан. 1977-жылдан 1995-жылга чейин Париждин шаар акими (мэри) болгон. Эки жолу премьер-министр кызматын аркалаган.
Ширак Франциянын 22-президенти. 1995-жылдан 2002-жылга чейин жана 2002-жылдан 2007-жылга чейин өлкөнү башкарган. 2007-жылдан тартып ал Франциянын Конституциялык кеңешинин өмүр бою иштечү мүчөсү болгон.

17-майдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан