Президенттикке премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүнө байланыштуу Жогорку Кеңештеги коалиция таркабайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына КСДПнын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров билдирди.
Анын айтымында, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамына ылайык, партиянын съездинде Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкерлиги колдоо тапса, анын ордуна милдетин аткаруучу болуп анын биринчи орун басары премьерликке дайындалат.
Айта кетсек, учурда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун биринчи орун басары кызматын Мухаммедкалый Абылгазиев ээлейт.