Мирлан Бакиров: "Энергетиктер светтин акчасын чогултпай, шайлоочулардын тизмесин тактап жүрүшөт"

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо калыс болбой жатат. Бул тууралуу 18-майда парламентте депутат Мирлан Бакиров билдирди.

"28-майда жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өткөнү турат. Республикада статусу боюнча үчүнчү турган Жалал-Абад шаарында 7 партия катышып жатышат. Тилекке каршы, атаандаштыкта үгүт иштери калыс болбой жатат. Мугалимдер окуучу балдарды алып барып ар кимиңер ата-энелериңерди алып келесиңер деп мажбурлап жатышат. РЭСтин инспекторлору электр энергиянын акчасын чогултпай эле шайлоочулардын тизмесин тактап жүрөт. Аларга өзүнчө салык салып коюптур. Чарба, экономика менен алек боло турган жетекчилер азыр шайлоо менен алек болуп жатат", - деди ал.

Депутат өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүн калыстыкты камсыздап берүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан