БШКнын мүчөсү: "Талапкерлердин юридикалык түшүнүгү жакшы болуп, өз иштерин туура уюштурушса шайлоо ошончолук таза болот"

Бишкекте бүгүн, 18-майда президенттик шайлоо өнөктүгү жана саясий партиялардын жоопкерчилигине арналган жыйын өттү. Анда БШКнын мүчөсү, арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча топтун жетекчиси Алмаз Асаналиев президенттик шайлоодо талапкерлер же саясий партиялар тарабынан мыйзам бузуу фактысы катталса чаралар көрүлөрүн айтты.

“Бүгүнкү иш-чара алдыда боло турган президенттик шайлоого карата саясий партиялар алдын ала даярданып алышсын деген максатта уюштурулду. Саясий партиялар эмнеге көңүл бурушу керек, эмнеге даярданыш керек, кандай кылып иш алып баруулары керек ушул тууралуу түшүндүрмө берели дедик. Себеби баары эле мурда шайлоого катышып жүргөн талапкерлер эмес да. Келе жаткан шайлоого катыша турган талапкерлердин юридикалык түшүнүгү жакшы болуп, иштерин туура уюштура алышса, шайлоо ошончолук таза, айкын болот. Ал эми шайлоолордо добуштарды сатып алуулар боюнча шайлоо участогунан ичинде мыйзам бузуулар катталган эмес. Сыртында болуп жаткан иштер катышып жаткан партиялардын, талапкерлердин абийиринде. Эгерде талапкердин же партиянын өкүлдөрү акча таратып же мыйзамсыз иштерди жүргүзүп жатканы далилденсе, аларды тизмеден алып салууга чейинки чаралар көрүлөт”, - деди Алмаз Асаналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан