Бүгүн, 18-майда Бишкек шаардык соту экс-депутат Чолпон Жакупованын көзөмөл даттануусун карап чыгып, Октябрь райондук сотунун өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чолпон Жакупова билдирди.
Жакупова Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркын коргоп сотко кайрыла албай турганы боюнча далилди судья эске албаганын айтты. Мындан сырткары журналисттер Дина Маслова жана Нарын Айыптын арызы боюнча райондук соттун чечими күчүндө калтырылганын кошумчалады.
Эске салсак, Башкы прокуратура Жакупованын сөз эркиндиги боюнча жыйында сүйлөгөн сөзү үчүн жана “Заноза” сайтында жазылган материал боюнча президенттин кадыр-баркына шек келтирди деп сотко кайрылган. Кийин Октябрь райондук соту Чолпон Жакупованын мүлктөрүн камакка алуу чечимин чыгаруу менен бирге Жакупова, Маслова жана Нарын Айыпка өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салган.