Депутат Орусияда 24 жаштагы Кыргыз кызынын өлтүрүлгөнү боюнча Тышкы иштер министрлиги кандай реакция кылганын сурады

Бүгүн, 19-майда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Данияр Аттокуров Орусияда 24 жаштагы Кыргыз кызынын өлтүрүлгөнү боюнча Тышкы иштер министрлиги кандай реакция кылганын сурады.

“24 жаштагы Кыргыз кызын сабап өлтүргөнү баарыбызды өкүндүрөт. Бул жыйында Тышкы иштер министрлигинин, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү отурат. Кандай иштерди жүргүзүп жатасыңар? Нота жөнөттүңөрбү? Силер тараптан кандай реакция болду?” - деп сурады ал.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү тергөө иштери жүрүп жатканын айтып, алар дайыма бул боюнча байланышта болуп тургандарын билдирди.

Эске салсак, 20-апрелде Орусиянын Люберцы шаарында 24 жаштагы Кыргыз кызынын жансыз денеси табылган.

Жыйында Кыргыз Республикасындагы миграциялык маселе тууралуу каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан