Парламенттин депутаты Улугбек Ормонов Өзгөн районунда жер көчкүдөн жабыркагандарга сугат жерден жер бөлүп берүү керектигин айтты. Бул тууралуу депутат 22-майда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди.
Ничке-Сай айылынын тургундары кайрылганын, алар жерди Төрт-Көл айыл өкмөтүнөн эмес, Жазы айыл өкмөтүнүн карамагында турган сугат жерден бөлүп берүүнү суранышканын айтты.
“Жабыркагандардын бүт үлүшү көчкү астында калды. Алар эгерде шарты ыңгайлуу жер бөлүп бербесе көчпөй турганын айтып жатышат. Сугат жерде бардык шарт бар. Таза суусу, сугат суусу бар, жолго жакын. Ошол жерди берсеңер өкмөттөн бир тыйын кереги жок дешти”, - дейт депутат.
Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев Төрт-Көл айыл өкмөтүнөн кайрак жер бөлүнүп берилип жатканын билдирди. Айтымында, ал жерге таза суу жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Комитет өкмөткө 10-июнга чейин бул маселени чечүү тапшырмасын берди.