Ислам тилектештик оюндары: Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 10-орунда келе жатат

Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 4 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль менен 57 мамлекеттин ичинен 10-орунда келе жатат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Медалдык эсеп боюнча алдынкы үчтүктө:

1-орун. Азербайжан: 75 алтын, 46 күмүш, 33 коло медаль. Жалпы эсеби 154 медаль.

2-орун. Түркия: 68 алтын, 63 күмүш 54 коло медаль. Жалпы эсеби 185 медаль.

3-орун. Иран: 31 алтын, 26 күмүш, 33 коло медаль. Жалпы эсеби 90 медаль.

Ал эми Кыргыз спортчулардан алтын медалды грек-рим күрөшүндө Каныбек Жолчубеков, дзюдо боюнча мелдеште Юрий Краковецкий, эркин күрөштө Муслим Евлаев жана кыз-келиндер арасындагы мелдеште Айсулуу Тыныбекова багындырышкан. Күмүш медалдардын ээси грек-рим күрөшүндө Руслан Царев, Үзүр Жусупбеков, Жанат Кайлыбаев жана эркин күрөшүндө Алибек Осмонов жеңген. Коло медалды 5000 метр аралыкта жарышкан Дарья Маслова, суучул Дарья Таланова, дзюдочу Отар Бестаев, Бектур Рысмамбетов жана Владимир Золоев, волейбол боюнча кыз-келиндер курамы, эркин күрөштөн Кайрат Түгөлбаев жана Айпери Медет кызы утуп алышкан.

Бүгүн, 22-майда ушу боюнча мелдеште Туратбек Сулайманкул уулу финалда түркиялык Мехмед Демири менен беттешип жеңилип калды. Жыйынтыгында күмүш медаль жеңип, 2-орунду камсыздады. Ушуну менен Кыргыздан барган спортчулардын мелдеши жыйынтыкталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Gisi
2017-05-22 13:45:45
Оо красавец
+1
kyalbek
2017-05-22 13:53:12
Урматтуу супер инфо! Мумкун болсо баардык мамлекеттердин жалпы тизмесин жана кайсы мамлекет канчанчы орунда экенин толук чыгарып койсонор жакшы болот эле. Рахмат
+4
admin_portal
2017-05-22 16:03:29
kyalbek,саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
bekmaral
2017-05-22 17:41:25
kyalbek,Мен дагы ушуну суранайын деп аткам супер инфо!Жакшы болот эле.
+1
Azat.97
2017-05-22 14:10:23
жакшы жакшы.эми Токио-2020 дан ушундай рейтинг королу туугандар кудайым буйруса.
+6
akil.91
2017-05-22 14:23:29
Azat.97
Буйруса. 10 кирбесек да 15 или 20 болсо да жетет го Токиодо
0
molorbaev
2017-05-22 18:28:56
Азаматсынар, биздин спортчулар. Бул жолкусу олжолуу болду.
+1
kamchatka
2017-05-22 18:42:40
озу 11 команда бар беле!
-1
bekmaral
2017-05-22 19:18:16
kamchatka,сен катышасын ошондойго
+2
bekmaral
2017-05-22 19:48:38
N страны Золото Серебро Бронза Всего
1 Азербайджан 75 50 37 162
2 Турция 71 67 57 195
3 Иран 39 26 33 98
4 Узбекистан 15 17 31 63
5 Бахрейн 12 5 4 21
6 Алжир 7 12 21 40
7 Марокко 7 5 15 27
8 Индонезия 6 29 23 58
9 Египет 6 5 7 18
10 Киргизия 4 5 8 17
11 Саудовская Аравия 4 1 6 11
12 Иордания 3 1 11 15
13 Ирак 2 7 5 14
14 Казахстан 2 5 12 19
15 Туркмения 2 4 7 13
16 Катар 2 3 7 12
+2
bekmaral
2017-05-22 19:54:50
N страны Золото Серебро Бронза Всего

17 Нигерия 2 3 1 6
18 Сирия 2 2 6 10
19 Тунис 1 3 8 12
20 Камерун 1 2 6 9
21-22 Бангладеш 1 1 1 3
Сенегал 1 1 1 3
23 Гамбия 1 1 0 2
24-26 Бенин 1 0 1 2
Гвинея-Бисау 1 0 1 2
Мозамбик 1 0 1 2
27 Пакистан 0 3 9 12
28 Оман 0 3 4 7
29 ОАЭ 0 1 3 4
30-31 Гайана 0 1 2 3
Суринам 0 1 2 3
32 Джибути 0 1 1 2
33-34 Мали 0 1 0 1
Уганда 0 1 0 1
+1
bekmaral
2017-05-22 19:56:26

35 Афганистан 0 0 6 6
36-37 Кот-д`Ивуар 0 0 4 4
Таджикистан 0 0 4 4
38-39 Малайзия 0 0 2 2
Йемен 0 0 2 2
40 Ливан 0 0 1 1
0
Neovo_777
2017-05-22 23:34:44
bekmaral тузуксун супер чыгарбаганды чыгарып
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан