Бүгүн, 21-майда Ислам тилектештик оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда 58 килограммга чейинки чен бирдикте Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова финалда үй ээсинин спортчусу менен кез келип, аны 5:2 эсебинде утуп алды. Тыныбекова бул жеңиши менен Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына төртүнчү алтын медалды алып келди.
Азыркы тапта Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 4 алтын, 4 күмүш, 7 коло медаль бар.
Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова 13-май күнү Индиянын Дели шаарында өткөн Азия чемпиондугунда финалга чыгып, индиялык спортчу Сарита менен кез келген. Тыныбекова 6:0 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды жеңип алган. Муну менен ал экинчи ирет Азия чемпиондугун багынтты.