Бүгүн, 24-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карап баштады. Алгач эл өкүлү сот отурумун ачык өткөрүү өтүнүчүн келтирди. Ал өтүнүчтү судья Айбек Эрнис уулу канааттандырды.
Айта кетсек, депутат "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атап келет.
УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. 24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. 27-февралда, 3-мартта да суракта болгон.