19:55 Алмамбет Шыкмаматов УКМКдан сурактан чыкты: "Баарыңыздарга чоң рахмат. Кудай буюрса, тергөө дагы көпкө чейин болот. Мен өзүмдүн укугумду коргоп, күнөөлүү эмес экенимди мыйзам чегинде далилдейм. Баары мыйзам чегинде, адилеттүүлүк менен болот."
19:42 Шыкмаматовду колдогон митингчилер "Боштондук", "Абдил Сегизбаев чыксын" деп кыйкырып жатышат.
19:20. Милиция кызматкерлери митингчилерди улам артка түртүп жатат.
19:15 Митингчилер милиция кызматкерлерин жөөлөп УКМКга кирүүгө аракет кылышты.
19:09 УКМКнын басма сөз кызматы: "Шыкмаматов козголгон кылмыш иши боюнча сурак берип жатат. Азырынча башка маалымат бере албайбыз".
18:51. Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Ж.Турдакунова (ыйлап): "Жети жылдан кийин ушундайды ойлоп табышты. 20 жыл жашаган мен билем да. Чындык чырылдап жатканын баарыңар түшүнүп турасыңар. Мен Алмамбеттин актыгына ишенем. Ак ийилет бирок сынбайт. Эч кандай мыйзам бузуучулук кылган жокпуз. Ушинтип тура беребизби? Сегиз сааттан бери эзип сурап атасың деп аларга мыйзам иштебейби? Калыстык кайда? Эл деле чындык үчүн турат."
18:45 Митингге чыккан аялдар "Шыкмаматовду саат 10дон берип кармап отурушат, жообун айтып коюшсун" деп УКМКнын дарбазасын каккылап жатышат.
18:33 Асия Сасыкбаева "Башаламандыкты токтоткула! Сегизбаев чыксын" деп кыйкырып жатат
18:30 Аида Салянова "Көп саат суракка алуу кыйноо катары бааланат"
18:27 Митингге чыккандар "Атамбаев кетсин" деп жатышат.
18:25 Митингчилер УКМКнын төрагасынын отставкасын талап кылышууда.
18:15 Шыкмаматовду колдогон митинг уланууда. Милиция кызматкерлеринин саны көбөйдү.
16:57 Депутат Каныбек Иманалиев эл чарчап, аларды башкара албай жатканын айтты.
16:59 Митингге чыккан эл арасында "Боштондук" деген кыйкырыктарды угууга болот. Учурда кошумча күч катары милиция кызматкерлери келишти.
16:50 Эл өкүлүн колдоп келген митингчилердин чыдамы түгөнүп, милиция кызматкерлери менен жөөлөшө баштады.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 24-февралда УКМКга чакырылып, 6 сааттан бери сурак берип жатат.
17-февралда Алмамбет Шыкмаматовго "коррупция", "кызматтык жасалмалуулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Материалдарга караганда, 2011-жылы 20-сентябрда Эсептөө палатасынын төрагасы С.Молдокулов кызматтык унааларды сатып алуу боюнча комиссия түзүүгө буйрук чыгарган. Комиссияны Ж.Иманалиев жетектеген. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында атайын дайындалган адистердин бири А.Шыкмаматов да болгон. Бирок тендер өткөрүлбөй эле кызматкерлер өздөрү унааларды сатып алышканы аныкталган.