Алмамбет Шыкмаматовдун сотунда жактоочулар ишти Свердлов райондук сотуна өткөрүү өтүнүчүн келтиришти

Бүгүн, 24-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карап жатат. Анда айыпталуучулардын жактоочулары ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна өткөрүү өтүнүчүн келтиришти. Буга "Барат Люкс" ишканасынын Свердлов районунун аймагында жайгашканын себеп кылышты. Судья Айбек Эрнис уулу бир саатка тыныгуу жарыялады.

Шыкмаматов менен бирге Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, "Барат Люкс" ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Айта кетсек, депутат "коррупция", "кылмышка шериктеш болуу" беренелери боюнча айыпталууда. Шыкмаматов өзүнө тагылган айыпка макул эмес, муну ал "саясий кысым" деп атап келет.

УКМК Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп жатат. 24-февралда Шыкмаматов УКМКга чакырылып, 9 сааттан ашуун убакытка суракка алынган. 27-февралда, 3-мартта да суракта болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан