Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматов мамлекеттик үлүшү бар ишканаларды текшерүүнү сунуштады.
“Өлкөдөгү мамлекеттик үлүшү бар ишканалар бар. Ошолорду тактап чыксак. Кандай иш алып барып, кандай пайда алып келип жатканын текшерсек. Канча мамлекеттик үлүшү бар компаниялар бар? Эмне себептен айрым ишканалар иштетилбей турганын карап чыксак. Айрым компаниялар тендерге катышып жатышат. Бирок жеке менчик ишканалар утуп кетишет. Бул мамлекетке зыян алып келип жатат”, - деди ал.
Эске салсак, 12-майда парламенттен КСДП фракциясынын жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Болсунбек Казаков 1130 мамлекеттик ишкана бар экенин айткан. Алардын ичинен 166сы иштеп, 5-6 ишкана гана пайда алып келе турганын кошумчалаган.